“Сагынбай манасчы” деген кино мага жаккан жок. Кыргыз киносу жаңы секирик жасашы керек. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасына жазды.

«Премьерасына бардым. Киносун көрдүк. Күтүүсүздөн сөз берилди. Жакшы эле аракет кылдым, кайсы бир нейтралдуу ойлорду айтып, улуу манасчыны эскерип, ал жөнүндө сүйлөп, куттуктамыш болуп, жаман көрүнбөй эле, унчукпай деле койсом болмок. Анте алган жокмун. “Мага бул кино жаккан жок” деп айттым», — деп жазды Байсалов.

Ал бул кино жөн эле бир жеке менчик студия өзүнүн акчасына тарткан күндө дагы сындамакмын деди.

«Бул киного болсо, угушумча, мамлекет алты миллион сом бөлүп бериптир. Мен “Сагымбай манасчы” фильми “мыкты болуптур” деп койсом, адаттагыдай биздеги интеллигенция бири-бирине сын айта албай, “сен жакшы, мен жакшы” деп тарап кетсек, маданиятыбызда өнүгүү болбойт, өсүү, изденүү да жоголот. Сын айтылышы керек! Сынсыз болбойт, туугандар!

Киного барып, өзүңүздөр көрүңүздөр. Спойлер кылбайын.

Мага жаккан жерлерин айтайын. Ыбырай Абдрахмановдун ролун аткарган Өмүрбек Израилов эң чоң мактоого татыктуу. Бул актердун таланты кинобузда эң сонун образдарды жарата алчудай потенциалы даана көрүнүп турат. Алкыш айтып, ийгилик каалайлы! Баракелде!

Оператор Санжар Абдыжапаровдун да ийгилигин айта кетели. Бир канча сонун кадр тартып, табиятыбызды жакшы көрсөтө алды. Чувствуется свежее дыхание. Картина получилась яркой и сочной. Албетте, ар дайымдай эле, көлүбүздө тартылган кино өтө кооз болот эмеспи. Бирок, бир канча жерлери даяр клип да сыяктуу.

Костюмерлер жакшы иштептир. Ыбырай эле чересчур кычыраганы болбосо.

Фильмдин негизги проблемасы — сюжет. Кино Сагымбай жөнүндө да эмес, Ыбырай негизги каарман. Эрнест Абдыжапаров тарткан мурункусунда деле Саякбай эмес, жаш Чыңгыз Айтматов жөнүндө болгон. Анан бир канча орус персонажга алаксып кеткен. Бул сапар дагы бир канча сюжеттик линия жана каарман чийки болуп калды. Негизгиси манасчынын өзү өтө эле схематично берилип калган.

Сюжетте Сагымбай тоо башында үй-бүлөсү менен жалгыз жашаган адам. Манасын уккан киши жок. Өлгөндө көмгөн жан жок, Ыбырай эле көмүп коёт окшойт. Сагымбайдын тагдыры, анын жалпы Ала Тоого тараган атагы, манасчы мектеби, Үркүнгө катышканы жөнүндө да сөз жок.

Мындан сырткары, кинону көрсөңөр, бир канча момент англисче айтканда “кринж” (итиркей) болосуңар. Эмнегедир, бозүйдө төшөктө жаткандары төрт-беш жолу көрсөтүлөт. Улуу манасчыбыздын балдары эт көрбөгөндөй, жегендери. Катыган каламаны сууга да малбай кемиргени. Ыбырайдан Сагымбайдын аялдарынын үрккөнү. Балдарды эшикке кубалап ийгени… Касым менен Ишеналы манасчыны жээрип, чангандары. Сагымбай Ленинге сыйынып, намаз окуганы. Бир канча момент. Бул кино манасчыбызды да, жалпы кыргызды да даңазалаган бир жагын да мен байкай алган жокмун. Көп сөз айтса болот. Бирок, өзүңүздөр барып, көрүп, анан пикир бөлүшөлү.

Кыргызда кино болгон. Улуу залкарлар жараткан кино. Кыргызское чудо. Айтматовдун доору. Океев, Шамшиев, Убукеев, Садырбаев жана башкалар. Биз эң мыкты кинону жаратканбыз. Жаш баладай, азыр окшоштуруп койсо эле, мактаганды коелу. Келгиле, биз сен жакшы, мен жакшы дебестен, негиздүү сындай да билели.

Баса, кинонун титрларында автор жыйырма чакты Сагымбай Орозбаковдун урпактарына ыраазычылык билдиргени кызык болду. Ал аз келгенсип, кинопремьерада дагы аларды сахнага чыгарып, “мына неберелерине жакты” деп, алардын кубаныч, ыраазычылыгына батына албай турганы түшүнүксүз.

Дагы бир жаш ишкерди кайра кайра эле чыгарып, атын атап, ыраазычылыгын билдирип атты режиссер. Көрсөтүүдөн мурда дага айтты, бүткөндөн кийин да сөз берди. Мен ойлоптурмун “киного спонсор болуп акча бергенби” деп, көрсө, ал киши фуршетке тыйын бериптир. Ошол эле учурда Маданият министрлигине же мамлекетке бир да киши ыраазычылык билдиргенге жараган жок.

Эми кеп бул Э.Абдыжапаров тарткан бир кинодо эмес. Менин оюмча, биз жалпы кыргыздын киносунун абалы жөнүндө кеп курганга убакыт келди. Мамлекет башчыбыздын кино боюнча атайын жарлыгы чыккан. Азыркы күнү өкмөттүн токтому даярдалууда. Эмдиги жылы киного бөлүнүп берчү каражат бир канча жолу көбөйтүлгөнү турат. Суроолор көп. Бир канча өзгөрүүлөр талап кылынууда. Ачык жана түз сүйлөшөлү. Жалпыбыздын милдетибиз — улуу кыргыз киносунун мурасын жана атын сактоо. Кыргыз киносу жаңы секирик жасашы керек», — деп жазган Байсалов.