Маданият кызматкерлери 37 миң сомдон 64 миң сомго чейин айлык акы ала баштады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен айлык акы канчага көбөйгөнүн мисал менен көрсөтүп беришти:

— башкармалык башчысы социалдык төлөмдөр менен салыктарды эске алганда 35 миң 320 сом алып келсе, эми 64 миң 70 сом ала баштайт. Өсүш орто эсеп менен алганда 181,4 пайызды түзөт.

— башкы адистердин айлыгы буга чейин 26 миң 5 сом болсо, эми 55 520 сомду түзөт. Өсүш 213,5 пайызды түзөт,

— жөнөкөй адистер буга чейин 15 миң 605 сом алып келсе, эми 42 миң 969 сом алып баштады. Өсүш 275,3 пайызды түздү.

— Департаменттердин бөлүм башчысы 44 миң 980,5 сом алып келсе, эми 60 миң 639,2 сом ала баштайт. Өсүш 134,8 пайызды түзөт.

— жетектөөчү адис 16 миң 905 сом алып келсе, эми айлыгы 37 миң 157 сомду түзөт. Өсүш 219,8 пайыз.

— аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысы 20 миң 550 сом алып келсе, эми 50 миң 540 сом ала баштайт. Өсүш 245,9 пайыз.

— аймактык бөлүмдүн башкы адиси 19 миң 403 сом алып келсе, эми 40 миң 208 сом ала баштайт. Өсүш 207,2 пайызды түздү.