Экс-элчи  Азимбек Бекназаров ЖМК өкүлдөрүнө пресс конференция берип,  буга чейин аткарган иштери тууралуу  айтып актанып алды.

Бул качанкы Бекназаров, карыса да өзүн жаш ойлоп,  орусчаны мындай кой, кыргызчаны болдурап сүйлөп бирдемелерди түшундүргусу келди. Мен иштейин десем бийлик тараптан такыр тапшырма келген жок деп балп этти. Малайзияда эки жылдан ашык иштеп жүрүп кандай иштерди жасаганын да айткан жок. Болгону Куала-Лумпурдагы Кыргызстан элчилигинин кеңсесин бир сыйра сырдатып, бир килем төшөп коюптур, ошону улам айтып мактанды.

Андан тышкары азыркы бийлик алгачкы жылы жакшы иштеди да акыркы алты айда туура эмес иштерди жасай баштады дегени кызык болду. Акыркы алты айда дүйнөдөгү кымбатчылыкты эске алып мурда болуп көрбөгөндөй мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйгөнүн, Кум-Төр Кыргызстанга өткөнүн, далай коррупционерлер кармалып, бюджетке миллиарддар төгүлгөнү тууралуу жасалып жаткан иштер жөнүндө ооз ачпады. Кыскасы, адам эмнени көргүсү келсе, ошону айтат демекчи, Кыргызстандан жамандык издеген Бекназаровдун оозунан жакшы сөз чыкпады.

Ал эми акыркы берилген Эл баатыры наамдары тууралуу да нааразы экенин жашырган жок. 2010-жылы айрыкча мени капа кылганы  улуттар аралык жаңжал арасына катышкандар баатырдык наам алганга моралдык укугу жок деп балп этти! Кыскасы,  түштүктөгү коогалаңда кан кечип жургөн адамдардын ишин ал  жокко чыгарды. Кызык эле киши экен ушул Бекназаров! 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турганда Бекназаров түштүктөгү жердештери кан кечип, кан жутуп турганда бир басып барып, эки элди элдештирүүгө аракет да жасаган эмес. Ал Бишкекте жатып, ошол кезде Башкы прокурордук кызматты аркалап, жылуу жумшак креслосунда жатканын билебиз. Азыр ошол 2010-жылдагы коогаланды териштирүү керек дегенде эмнегедир Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү так секирип, каршы болушат. Балким, булардын эл билбеген дагы бир нерсеси болушу мүмкүнбү деген суроо туулат.  Эмнеси болсо да ошол окуя сөзсүз териштирилиши керек!

Кыскасы, Бекназаров азыркы эл баатыры наамын алгандарга ичи тарып турганын жашыра албады.

Элдик курултай тууралуу сөз баштап, ага катышуу ниети бар экенин билдирди. Өткөндө президент Садыр Жапаров  эл арасынан карапайым адамдар катышсын деп айткан эле. Бирок, Бекназаров сыяктуу жулунгандар Элдик курултайга келүүгө  моралдык укугу жок.

Бүгүн Бекназаров пресс конференция берип жатканы түз эфирде социалдык желелерде көрсөтүлүп жатты. Бекназаровдун конференциясын онлайн көргөн жарандардын дээрлик 100 %ы ага карата жаман, жагымсыз пикирлерин калтырышты.

Ага пикир калтыргандардын көбү “Бекназаров алжыптыр, эс алсын! Тажатты! Буга бийлик гана керек! Аксыдан куулган саясатчы!” жана башка ушул сыяктуу негативдерди жазганын окусак болот.