Мага “Кумтөрдүн” алтыны кайсы мамлекетке сатылып жатканынан дагы, акыркы убакта экономикалык өзгөрүүлөрдүн байкалганы маанилүү.

Санап берейин. Кыргызстан алтын кенди канадалык ишканага берген жылдар аралыгында тонналаган алтындар, миллиарддаган доолар акча каражаты сыртка кетти. Ошондо көп деле киши кайрыган жок, дарегин сурап жер тепкилебеди.

Садыр Жапаров президент боло элек кезинде эле, “Кумтөр кыргыздын байлыгы, элдин энчиси, мамлекетке өтүш керек” деп чыркырап жүргөн. Кудай анын тилегин орундатып, көп кыйынчылыктардан кийин падыша тактысына отуруп калды. Убадасын аткарайын деп, “Кумтөрдү” мамлекетке алабыз деп киришти. Анда дагы жардам берүүнүн ордуна, айрым саясатчылар “колунан келбейт, ала албайт” деп сынап, четте карап турду, табасы канып!

Бир жыл өтпөй үмүт акталды, “Кумтөр” мамлекетке алынды. Жыйынтыгы дароо сезилип баштады. Мурда, “Кумтөрдүн” кирешеси жылына 5 миллиард сом болсо, азыр 50 миллиард сомго жетти. Казынабыз көбөйдү, айлыктар, пенсия, жөлөк пулдар дагы эки-үч эселеп жогорулады. Мамлекет мурдагыдай Кытайдан карыз албай, өз каражатына ички жолдорду оңдоп баштады. Быйыл, мурдагы жылдарга салыштырмалуу эң көп аралык (600 км) жол оңолду.

2022-жылы эле Кыргызстандын аймагында 70 мектеп, 9 бала бакча, 7 спорт комплекс курулду. Бул дагы мамлекеттин бюджетинен.

Айлыктар боюнча, мамлекеттик кызматкерлердин орточо айлыгы 2021-жылы 22 879 сом болсо, учурда 47 953 сомго көтөрүлдү.

Мындан ары жакыр үй-бүлөлөргө мамлекет кайтарымсыз 100 000 сомдон акча берет, учурда 2 800 жакыр жашаган үй бүлөөгө 292 000 000 сом мамбюджеттен каралды.

Мамлекет өз күчү менен темир жолун куруп жатат, 100 жаңы вагон сатып алды.

Мамлекет өз каражаты менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак, жаңы техникаларды сатып алды. Дагы 2 вертолет сатып алуу алдында турат.

Аскердик техникалар, жаңы курал-жарактар алынды.

Буга чейин карызга мойнуна чейин батырып кеткен Кытайдын карызын төлөп баштады. Тышкы карызды алуу бакшалардын тагдырына буюрса, аны төлөө Садыр Жапаровдун тагдырына туш келди.

Бул саналуу гана мисалдар. Кыйынчылыктар, дүйнөлүк кризис, санкцияларга карабай Кыргызстан алдыга умтулуп кетип жатат. Мамлекеттин бюджети 2022-жылы 400 млрд сомго жетсе, кийинки жылы 600 млрд жетебиз деген дымак менен иштеп жатышат.

Кыргыз качан бири-бирибизге бел болуп, колдойбуз? Качан бири-бирибизди жөөлөп, таяйбыз?! Жамандык издеп, коомду негатив менен суугарып, элдин көңүлүн түшүрө беребиз. Кыргыз кыргызды колдой турган мезгил келди. Президент айрым бурмалагычтарга караганда мамлекетти көбүрөк ойлойт!

Мирбек Айтбаев, Талас облусу