Милициянын старшинасы Жумабек уулу Султан  жаш кезинен бери спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгып келет. Өлкөбүздүн чыныгы патриоту  Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамына карата өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлдү  50 км. аралыкта сүзүп өткөн.

Ал 30-августта Чолпон-Ата шаарынан Бостери айылына чейин жана кайра Чолпон-Атага чейин  сүзгөн. Милиция кызматкери Бостери айылынан кайра сүзүп келе жатканда катуу шамал болгонуна карабастан, көрсөтүлгөн 50 км аралыкты  8 саат 33 мүнөттө сүзүп, өзүнүн өжөрлүгү менен эрктүүлүгүн көрсөтө алган.   Андан кийин, Чолпон-Ата шаарынан  Чоң-Сары-Ой айылына жана кайра артка жол алуу менен ден-соолугуна күч келтирбестен велосипед менен дагы 50 км жол жүрүп өттү. Муну менен Жумабек уулу Султан бардык жарандарды сергек жашоого чакырып, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктагысы келген!

Жаштайынан шамдагай жана зирек келген Жумабек уулу Султан  учурда ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт кызматында кызмат өтөйт. Талас облусунун кулуну.