Тажикстандан Кыргызстанга афган тектүү чарс баңгизатын ташып келген эл аралык баңги тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары, анын ичинде Коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалган. Алардан жалпы салмагы 17 кг 192 гр афган тектүү чарс баңгизаты табылып алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.