Түндүк Корея өзүн өзөктүк куралы бар мамлекет деп расмий атап, лидери Ким Чен Ын аталган макамдан эч качан баш тартпай турганын билдирди. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Yonhap агентиги жазды.

Мамлекеттин Жогорку элдик ассамблеясы 7-сентябрдагы сессиясында «Өзөктүк курал боюнча саясат» деген декрет кабыл алган. Документ 11 пунктуну камтыйт, анда өзөктүк куралдын максаты, өзөктүк күчтөрдүн курамы, аларды башкаруу жана көзөмөлдөө, өзөктүк куралды колдонуу боюнча чечимдердин аткарылышы, шарттары, мобилизациялоо, коопсуз сактоо жана коргоо жөнүндө жоболор камтылган.

«АКШнын максаты — өзөктүк куралыбызды жок кылуу гана эмес, бизди өзүн-өзү коргоо укугубуздан баш тартууга мажбурлоо. Каалаган убакта режимибизди кулатып, алсыратуу. Андыктан биз эч качан өзөктүк куралдан баш тартпайбыз», — деди Ким Чен Ын.

Ошондой эле ал кайсы гана тарап болбосун өзөктүк курал же башка массалык кыргын салуучу курал менен кол салууга аракет кылса дал өзүндөй жооп берерин кошумчалады.

Түндүк Кореяда өзөктүк курал боюнча бардык чечимдерди кабыл алууга өлкө лидери Ким Чен Ын гана укуктуу. Ал башында турган команда чабуулга кабылса жооп иретинде өзөктүк сокку автоматтык түрдө ишке ашат. Өлкөнүн өзөктүк күчтөрү зарыл болгон учурда дароо сокку урууга даяр абалда турат.