Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чет элдик ишкердин ишенимине кирип, анын акчасын алып алгандарды кармады.

Ведомстводон билдиргендей, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде («Алдамчылык») каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР жарандары Д.М.С. жана С.А.К. кармалды.

Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Россиянын жараны Ш.В.нын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алышкан.

Белгилей кетсек, Д.М.С. жана С.А.К. убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору Ш.В. жакындарына кысым көрсөтүшкөн.

Ошондой эле аны коркутушуп, республиканын жогорку жетекчилиги жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан.

Сотко чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө Д.М.С. жана С.А.К. кылган ишин мойнуна алды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК республиканын жарандарына укук коргоо жана башка органдар менен маселелерди чечүүдө кандайдыр бир жол менен көмөк көрсөтүүнү көздөгөн, ошондой эле республиканын жетекчилиги же өлкөнүн башка жогорку кызмат-адамдарынын атын сатып, жеке байланыштарым бар деп пайдаланып жүргөн адамдарга ишенбөөнү өтүнөт.