Азимбек Бекназаров эки жүздүү адам окшойт. 2018-жылы, Малайзияга элчи болуш үчүн, ошол кездеги бийликке кошомат кылып, Атамбаевдин элге чыкпаган жоруктарын ашкереледи эле.

Анын бири, “Атамбаев бир күнү мас болуп калды. Туалетке кирип кетип жок. Эшигин эптеп ачсак унитазга жетпей уктап калыптыр, шымына “жайлап” коюптур. Аны жан жөкөрүнө айтып тазалаттык” деп айтып, мындан тышкары анын мамлекетке тийгизген кесепеттерин санап берген. Ошентип карыганда кошоматтанып, жагымпоздук кылып жүрүп Элчи болуп кеткен.

Милдетин кандай аткарды, ага эл күбө. Эч кандай жыйынтык көрсөтө алган жок. Кызматтан алынгандан кийин Кыргызстанга келип, дагы деле тынчыбай, адатын карматып жүрөт.

“Акипрессте” маалымат жыйын өткөрүп, тили кургап калгыча Атамбаевди мактады, “Чыныгы баатыр” деп. Жумушу жок калгандар эле Атамбаевге чуркап барышат. “Сизди алып чыгыш керек, оппозицияны бириктирели, мына мени эл ээрчийт, акча бериңиз”-деп. Камакка алынгандан кийин көп адам Атамбаевдин капчыгын какты. Карыган Азимбек Бекназаров дагы кичине тыйын алсам деп арзуу кылып жүрөт окшойт.

Бекназаров сыяктуулардын доору өткөн, убагында “бульдозер” болсо, азыр ДТ тракторчолук дагы таасири калбаган. Карыганда калжактабай тынч отурса болмок. Ансыз дагы жок кадырын түгөтүп бүттү.

Азат Калыгулов, Нарын