Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда алдыдагы 5 жылда Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алына турган Нарын облусунун приоритеттүү долбоорлору талкууланды.

Жыйында президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде Дүйнөлүк банк менен бир катар келечектүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын, Нарын облусу 2024-2028-жылдарга түзүлүп жаткан өнөктөш программага дагы даяр экенин билдирди.

Жолугушууда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин төрагасы Навид Хассан Накви ДБ тарабынан алдыдагы 5 жылдык программанын алкагында Кыргызстандагы калктын жашоосун жакшыртуу максатында 600 млн доллар инвестиция салынып, бул каражат 50 жылдык мөөнөт менен үстөксүз насыя катары берилээрин билдирди.

Ошондой эле ал долбоорлор КР министрлер кабинети менен бирдикте тандалып алынаарын, учурда облустарды кыдырып сунуш-пикирлерди угуп жатышканын, жолугушууларда айтылган сунуштар приоритеттүү долбоорлорду тандоодо сөзсүз эске алынаарын кошумчалады.

Мындан соң Ат-Башы, Нарын райондорунун акимдери, Нарын шаарынын вице-мэри, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары тарабынан облустагы социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелер ортого салынып, долбоорлор сунушталды.

Белгиленгендей, каржылоо 2023-жылдын июль айында башталат. Ага чейин сунуштар эске алынып, каржылана турган долбоорлор аныкталат. Бүгүнкү күнгө чейин Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 800 млн долларлык 25 долбоор ишке ашууда.