Ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Нур-Султанда өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстандын маданият министри Муроджон Мажидов менен жолуккан.
«Анда маданият тармагында эки жактуу кызматташтык, ошондой эле Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүн талкуулашты. Эсенгул уулу аталган иш-чараны өткөрүүдө өзбек тараптын колдоосуна ишеним артты», — деп айтылат маалыматта.