Спорт
Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.
Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16 финалынан баштап катышты. Ал финалга чейин бразилиялык балбанды 11:1, мексикалык спортчуну 8:0, түркиялык спортчуну 9:7 жана кореялык балбанды 4:1 эсебинде жеңген.
Финалда Акжол венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыкты. Күрөш башталары менен кыргыз балбаны атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов буга чейин Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси жана Азиянын эки жолку чемпиону (2018, 2022-жылы) болгон.