Кыргыз сому жана өзбек суму менен соода кылууну Москва биржасы ишке киргизди. Өзбекстандын валютасы 12-сентябрдан тарта соодалана баштайт.

Кыргыз сому бир айдан кийин, 10-октябрдан тарта соодага чыгат.

Албетте, бул Кыргызстандын экономикасы үчүн жакшы көрсөткүч.

Эсиңиздерге сала кетсек, валюталарды узак мөөнөткө сатып алуу өз алдынча эч кандай рентабелдүүлүктү билдирбейт, бул капиталды амортизациядан жана валюталык тобокелдиктерден коргоонун консервативдүү жолу.

Биздин сомубузду консервативдүү үнөмдөө каражаты катары элестетүү кыйын. Бирок, ошентсе да, валюта АКШ долларына карата салыштырмалуу туруктуу.

Кыргызстан менен тышкы экономикалык иш-аракеттерди кесипкөй жүргүзгөн россиялык рыноктун катышуучулары жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жигердүү колдонушу мүмкүн.

“Салам Кыргызстан” телеграмм каналы.