9-сентябрдан тарта Ош (Кыргызстан) менен Андижан (Өзбекстан) шаарларынын ортосундагы каттамдык байланыш жанданды. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынан билдиришти.

Бул багыт боюнча каттамдар 2019-жылдын күзүндө башталган, бирок бир нече айдан кийин коронавирус пандемиясынан улам токтотулган. Маалым болгондой, учурда онго жакын кичи автобустар ишке киргизилди. Чек ара аркылуу өтүүнү тездетүү үчүн өлкөлөр “жашыл коридор” киргизүүнү макулдашты. Шаарлардын ортосундагы аралык 45 километр.

Июль айында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык кызматташтыгын кеңейтүү, атап айтканда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору болду.

Мындан тышкары, Үч-Коргон-Дароот-Коргон автожолун куруу жана Каракол-Ташкент-Каракол эл аралык автобус каттамын ачуу долбоору каралды. Эки өлкө ортосундагы каттамдардын жанданышына байланыштуу “Ташкент – Балыкчы” жүргүнчү поезддерин кайра иштетүү жана “Ош – Анжиян” жана “Кызыл-Кыя – Фергана” багыттары боюнча үзгүлтүксүз автобус каттамдарын кайтаруу сунушталды.

Өзүнчө пунктта жайкы туристтик сезондо “Ташкент – Тамчы” багыты боюнча чартердик каттамдар маселеси талкууланды. Жаманбаев ошондой эле «Ош – Ташкент – Ош» багыты боюнча аба каттамдарын ачуу жана «Самарканд – Тамчы – Самарканд» жаңы транспорт каттамын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.