Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында социалдык тармактарда  диний экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн жаран кармалды.

Кадамжай районунун 27 жаштагы Э. А. Ю. аттуу тургуну социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” -Ирак, Шам ислам мамлекети (ИГИЛ)  экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.

Эскерте кетсек,  жогорудагы уюм Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан  2015-жылдын 13-декабрь күнү террористтик жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Бул факты Баткен ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөөгө иштери жүрүп жатат.

 Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы