Татарстандын борборунда аяктаган Казань эл аралык мусулман кинофестивалында кыргызстандык тасма байгеге ээ болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

“Ислам дүйнөсүндөгү маданияттардын диалогу үчүн” сыйлыгы режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Сагынбай манасчы” тасмасына ыйгарылды. Тасма кыргыздын “Манас” эпосунун манасчысы Сагынбай Оразбаковго арналган. Эл аны Улуу Акын деп аташкан.

Фестивалдын калыстар тобуна Орусиянын Эл артисти Владимир Хотиненко төрагалык кылды.

XVIII Казань эл аралык мусулман кинофестивалынын баш байгеси ирандык режиссер Нахид Хасанзаденин «Тынч даңк» тасмасына ыйгарылды.