Бишкектин Юг-2 кичирайонундагы үйлөрдүн бирине пилоттук долбоор катары жаңы лифт орнотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, лифт ата мекендик “Кыргыз унаа курулуш” ишканасы тарабынан жасалган. Жүргүнчү лифт 8 аялдаманы түзүп, жүк ташуу көлөмү 320-450 кг.

Азыр лифт ишке киргизүү стадиясында турат.

Белгилей кетсек, эски лифтти демонтаждоо жана жаңысын орнотуу, ошондой эле «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин окутууну компаниянын өз каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн.