Кыргызгидромет билдиргендей, 13-сентябрда күндүз Ысык-Көл облусунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +19…+24
Талас облусунда +18…+23
Баткен облусунда +26…+31
Ош, Жалал-Абад облустарында +26…+31
Ысык-Көл облусунда +20…+25
Нарын облусунда +21…+26
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы +22…+24° болот.