Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынды. Ал грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан болчу.

Исмаилов 1/16 финалда венгриялык спортчуну жеңген, бирок 1/8 финалда ирандык балбанга утулуп калган. Ирандык балбан финалга чейин жеткенине байланыштуу Исмаилов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Биринчи жубатуучу беттеште Исмаиловдун атаандашы жаракатына байланыштуу килем үстүнө чыккан жок. 3-орун үчүн беттеште Исмаилов грузиялык балбан менен күрөшүп, аны 18:8 эсебинде жеңди.

Бул медаль — Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигиндеги Кыргызстандын капчыгына түшкөн экинчи медаль. Буга чейин Акжол Махмудов алтын медаль тагынган болчу.

Исмаиловдун беттештери:

1/16 финал

Кристиан Истван Ванца (Венгрия) / Амантур Исмаилов / 7:9,

1/8 финал

Амантур Исмаилов / Мохаммадреза Абдолхамид Гераеи (Иран) / 0:9,

3-орун үчүн жубатуучу беттеш:

1-раунд

Амантур Исмаилов / Рю Хансю (Түштүк Корея) / кореялык балбан килем үстүнө чыккан жок,

3-орун үчүн беттеш:

Жони Хецуриани (Грузия) / Амантур Исмаилов / 18:8.