Бишкекте кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган А.Т.Б жана У.А.У. аттуу аскер кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук соту тарабынан шектүүлөргө 11-ноябрга чейин Бишкек горнизонунун гауптвахтасында камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды. Алар тергөө аяктаганга чейин камакта болот.
Эскерте кетсек, Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери кызды зордуктоого шектелип кармалган.