Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн салынып баштаган спортзалдын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, спортзал үч кабаттуу, жалпы аянты 1875,2 чарчы метрди түзөт.

“Спорт комплексинде бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Тагыраагы, машыгуу залы, күрөш залы, медициналык бөлмө, спорттук иш-чараларды өткөрүү залы, ашкана, уктоочу бөлмөлөр бар”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган залдын курулушу 29-апрель күнү “Жаштык” дирекциясынын аянтында башталып, курулушту баштоо үчүн президент Садыр Жапаров капсула салган.