Баткенде куткаруучулар белин сындырып алган нидерланддык туристти тоодон түшүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Централ Азия Тур” туристтик фирмасынан ӨКМдин «112» кызматына Баткен районунда Миң-Теке тоосунда Нидерландыдан келген турист 1986-жылы туулган Текстор Борис аттуу эркек киши бутун кокустатып, белин сындырып алгандыгы тууралуу маалымат берип, жабыркаган жаранды коопсуз жайга түшүрүү үчүн тик учак сурап кайрылган.

«Аталган жаранды тоодон түшүрүү үчүн Бишкек шаарынан ӨКМдин Авиациялык ишканасынын тик учагы кечээ, 13-сентябрда саат 09:35те учуп чыгып, туристти алып түшүп Ош шаарынын аэропортунда тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Тик учак саат 17:55те терс окуясыз Бишкек шаарына туруктуу жайгашкан ордуна келип конду», — деп айтылат маалыматта.