2022-жылдын 14-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, — деп айтылат маалыматта.

Саат 9:30га карата ок атуу башталып, кайра токтоп жатканы айтылат. Алдын ала маалыматка караганда, кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес.

Окуя болгон жерге Баткен чек ара отрядынын башчысы жерге жөнөп кетти.

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын УКМКнын Чек ара аскерлеринин Согди облустук башкармалыгынын башчысынын X.Пиракзода ортосунда чыр-чатакты мындан ары күчөтүп жибербеш үчүн телефондук сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой эле тараптардын жолугушуусу пландалууда.

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө.