Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Булак-Башы жерлигиндеги кырдаал саат 12:40ка карата чыңалуу бойдон сакталып турат.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдиргендей, ок атышуу токтоду.

«КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын К. Төлөнбаев менен Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Х. Пирокзоданын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, — деп айтылат маалыматта.