Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына жеңилип калды.

Жуманазарованын алгачкы атаандашы канадалык Линда Морайс болуп, экөө мелдештин 1/8 финалында 68 кг салмакта күрөштү. Мээримдин аракетине карабай канадалык спортчу 6:5 эсебинде жеңишти илип кетти. Эгер Линда Морайс финалга чыга турган болсо, анда Жуманазарова көңүл жубатуучу кармашка чыгат.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда үч медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.