Энергетика министрлигинде 889 млн сомдон ашык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигинде жана анын түзүмдүк уюмдарында КР мыйзамдары, президенттин жарлыктары жана Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин талаптары бузулгандыгы аныкталган.

Нормативдик-укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 млн 150 миң 218 сом өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 млн 54 миң 197 сомду түздү.

Пландуу текшерүүнүн алкагында энергетика тутумунун кызмат адамдары жана башка мекемелеринин кызматкерлеринин коррупцияга каршы аракеттенүү, эмгек, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, энергетика жана отун-энергетикалык комплекси жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сакталуусу иликтенген.