Кечээ, 14-сентябрь күнү Баткендеги чек арада болгон окуяларларга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды.

Маалым болгондой, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тараптар кырдаалды турукташтыруу, жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арачылар, ички иштер кызматкерлери биргеликте иш алып барууну макулдашты.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечимге келишти:

— Биргеликтеги иштөө тобун уюштуруу (Уюштуруу тобун эки облустун башчылары жетектейт. Курамында УКМК, ОИИБ, Чек ара кызматы);

— Куралдуу инцидент болгон участокторго жооптуу кылып күч структуралардын жетекчилерин биргеликте дайындоо;

— Чек арага келген кошумча күчтөрдү кайра өз кызмат ордуна артка кайтаруу;

— Эки облустун жетекчилери кырдаал өз нугуна түшкөнгө чейин, биргеликте чек арада түзүлгөн иштөө тобунда болуу.

Чек арадагы куралдуу атышуудан жалпы 3 киши жабыркап, Лейлек районунун Раззаков шаарындагы ооруканага жаткырылды. Учурда 2 жарандын абалы орто. Ал эми 1 адамга операция жасалды. Дарыгерлер анын абалы оор болуп жатканын белгилешти. Бардык жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуядан жалпы, 10 объект жабыркаган. Анын ичинен 2 үй, калгандары мал сарайлар. Бул боюнча Баткен ОИИБ тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.

14-сентябрдан 15-сентябрга караган түнү Баткен облусунун аймагында жалпысынан абал туруктуу, түн тынч өттү. Учурда күч структуралары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Эки облустан түзүлгөн иш тобу биргеликте, чек арада жайгашкан айылдарда туруктуулукту сакташты. Ал эми облус башчысы Абдикарим Алимбаев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен бирге Достук айылында түнөштү. Бүгүн да чек арада жумуштар улантылып, тиешелүү кызматтар өз иштерин алып барышат.

Окуя тууралуу:

Кыргызстандын Чек ара кызматы кечээ, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атылып жатканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Булак-Башы аймагында нөөмөттө турган кыргыз чек арачылары буга чейинки макулдашууну бузуп, чек аранын такталбаган аймагында жүргөн тажик чек арачыларын көрүшкөн. Кыргыз чек арачылары алардан такталбаган аймактан кетүүнү талап кылган, бирок тажик тарап ок атып баштаган. Кыргыз чек арачылары да аларга ок чыгарган. Андан соң тажик тарап миномет колдонгон.