Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигине катышкан кыргыз балбандары Кыргызстанга кайтып келишти. Алардын катарында дүйнө чемпиону наамдарын уткан Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков бар.

"Манас" аэропортунан дүйнө чемпиондорун салтанаттуу тосуп алышты (фото)

Алар отурган учак 15-сентябрдын таңында «Манас» эл аралык аба майданына конду. Чемпиондорду аэропорттон министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, балбандардын тууган-жакындары, күйөрман-колдоочулар салтанаттуу тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 13-сентябрда Сербияда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер толук аяктаган. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү, жыйынтыктоочу күндө өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келди.

Ошондой эле дүйнө чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө бешинчи орунга илинди.

Чемпионатка кыргыз балбандары төмөнкү курамда катышты:

1. Жоламан Шаршенбеков, 60кг;

2. Тынар Шаршенбеков, 63кг;

3. Амантур Исмаилов, 67кг;

4. Акжол Махмудов, 77кг;

5. Атабек Азисбеков, 87кг;

6. Бексултан Махмудов, 97 кг.

Улукбек Карачолоков — улук машыктыруучу;

Азат Эркимбаев — башкы машыктыруучу;

Мейрамбек Ахметов — машыктыруучу.