«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун каржы башкармалыгынын директору Рысбек Токтогул СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 14-сентябрда Р.Т. баш коргоо чарасы каралып, бир айлык мөөнөткө камакка алуу чечими чыккан.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышкан.

Эске салсак, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген.