Бишкектеги Ак үйдүн демонтаждалган тосмолору Чолпон-Ата шаарындагы реконструкциялоодон кийин иштей баштаган «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин аймагына орнотулууда. Бул тууралуу «Алтын балалык» борборунун маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, темир тосмолор комплекстин директору Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси менен орнотулуп жатат.

«Борбордун айланасын тосуу үчүн Ак үйдүн жакында эле демонтаждалган тосмолору алып келинди. «Алтын балалык» бул демилгени колдоп, балдарыбыздын келечеги үчүн кам көргөн президентке терең ыраазычылык билдирет», — деп айтылат маалыматта.