КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык Land Cruiser 300 кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча маалымат такталды.

Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда «Ланд Крузер 300» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Манас» аэропортуна сапарга чыгып, Бишкекке кайтып келе жатканы белгилүү болду. “Манас” аэропортунан Бишкекке бара жаткан трассада Бишкек шаарынын тургунунун скутерин Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.

Окуянын катышуучулары бул кичинекей жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишти.

Жабыркагандар болгон жок. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз гана көк ала тактар бар. Ошол эле учурда скутердин айдоочусу өзү буга чейин социалдык тармакта Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирген.