Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Арсалан Будажапов Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

Спортчу 1/8 финалда тажикстандык Шухрат Бозоров менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңишке жетти.

Ал буга чейин франциялык спортчуну жеңген. Будажапов 79 кг салмак категорияда күч сынашууда.

Эскерте кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Кыргызстандын куржунунда учурда үч медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.