Кадырлуу калың журт! Азыр Ак үйдүн астына барып митинг өткөрчү учур эмес! Ансызда канкор тээжиктер кокодон алып турганда мамлекетке тоскоол болбойлу. Калп эле чек араны шылтоолоп, саясий упай топтой турган учур эмес. Ушунчалык элге күйөсөңөр, муздак окоптордо бизди катайрып жаткан тирүү чеп жоокерлерге, таңкы уйкусу канбай талаалап качкан элге, жаш балдарга жылуу кийим тамак уюштургула митинг уюштурбай!

Бүтүн Кыргызстан эгер чындап элдин бүтүндүгүн кааласаңар токтоткула арам оюңарды! Тымызын митинг кылып, тиги жакта тажиктер кол салып жатса, булар бул жакта чуу салганыңар кандай?! Адахан Мадумаров уяты жок экен, душмандын ишин кылып жатат. Баткенди көргүсү келсе Ак үйгө эмнеге келет, барышпайбы Баткенге?

Эсиңерде болсо былтыр да ушундай митинг дал ушундай жагдайда чыгып, техникаларды алып келип Баткенге баралы дегенде баатырсынып чыккандар качты эле го баары!

Аскар,  Бишкек шаары