Кыргыз тараптын ок атышууну токтотуу аракеттерине карабастан тажик тарап аскердик оор техникаларды тартууну улантып, Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

УКМКдан белгилешкендей, тажик тарап Кыргызстандын аймагын аткылоо үчүн колдо болгон бардык арсеналды колдонууда.

“Учурда бүткүл периметр боюнча катуу кагылышуулар жүрүп жатат”, — деп белгилешти ведомстводон.

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Тажикстандын аскердик агрессиясынын мизин кайтарууну улантууда.