Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бөлүктөрү жаңжалдуу кагылышуу болгон жерлерде ок атууну токтотту. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Белгиленгендей, тажик тараптан аткылоо басаңдады, бирок чек аранын айрым жерлеринде тажик аскерлери маал-маалы менен Кыргызстандын позицияларына ок чыгарууда.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашканы тууралуу маалымдалган.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.