Россия Кыргызстан менен Тажикстандын президенттерин ортодогу макулдашууларга таянып саясий-дипломатиялык талаага кайтып келүүгө, кандай гана чагымчылык болбосун ага биргелешип каршы турууга чакырат. Бул туурасында Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова берген комментарийде айтылган.
Расмий өкүл кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалга Россия өтө маани берип, көз салып тургандыгын билдирген.

«Тараптардын чек ара маселесин Россиянын чек араны бөлүү боюнча, өзгөчө коңшу Борбор Азия мамлекеттери жаатында бай тажрыйбасын колдонуп, өз ара алгылыктуу, узак мөөнөттүү чечим кабыл алуусуна көмөктөшүүгө даяр экендигибизди билдиребиз», — деп айтылган анда.

Чек ара чатагы бүгүн, 14-сентябрда, алгач Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатак оту Как-Сайда жанды. Булардан кийин Паскы-Арык аймактарында атышуу болду. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алды. Андан кийин «Самаркандек» заставасынын жанындагы атышууда эки кыргызстандык – бир аял жана бир эркек ок жеген.
Булак: Спутник.кж