Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыш болгон жерден эвакуацияланган жана Бишкек шаарында жүргөн Баткен облусунун тургундары борбордогу бир нече мейманканаларга убактылуу жайгаша алышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мейманканалардын даректери:

— «Достук» мейманканасы, Бишкек ш., Фрунзе көч., 429 «б» дарегинде жайгашкан, 10 жаранды кабыл алууга даяр. Кошумча орундар даярдалууда (байланыш телефону: 0500 61 18 06, Рустам).

— «Семетей» мейманканасы, Бишкек ш., Токтогул көч., 125, 20га чейин жаранды кабыл алууга даяр (байланыш телефону: 0555 65 22 22, Чыңгыз).

— «Ата-Түрк Ала-Тоо» мейманканасы, Бишкек ш., Исакеев көч. 2а/2, 15ке чейин жаранды кабыл алууга даяр (байланыш телефону: 0507 77 77 24, Өмүрбек).