Бүгүн Тажикстандын С.Рахимов атындагы дене тарбия институтунун стадионунда эртең мененки машыгуулардан кийин Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар жана спорт комитетинин башчысы Рахмонзода Абдулла машыгуунун катышуучулары менен жолугушту.

«Комитеттин председатели чогулгандарга Мекенди коргоо, спорттук жана коомдук иш-чараларга дайыма катышуу керектиги жөнүндө сөз сүйлөдү»,- деп айтылат маалыматта.

Бул деген Жаштар жана спорт комитетинин башчысы Рахмонзода Абдулла тажик жаштарын ачыктан-ачык согушууга үндөп жатканын көрүүгө болот.
Келечек ээси жаштарды азыртан ушундай жол менен агрессорлукка үйрөтүп, талкалоого, мародерлукка чакырык таштап, ачыктан-ачык «Мекенди коргойбуз» деген шылтоо менен коңшу элге согуш ачууну көздөөдө. Албетте мунун артында Агрессор Рахмон турганы айдан ачык. Ал азыр өлкөсүндө өз кланын сактап калып, бийликти баласына өткөрүп берүү үчүн тынч жашаган эки элдин жарандарын курмандыкка чалууда.

Чынында тажик эли социалдык тармактарда коңшу Кыргызстан менен согушуу ниети жок экенин, ок атышууну токтотууга, ынтымакка келүүгө үндөп жатат. Бирок, карапайым элинин сөзүн, үнүн уккусу келбеген президенти Рахмон эми жаштарды согушка даярдоого үндөп жатат.