Деструктивдүү күчтөр жалган маалыматтарды таратып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, учурда деструктивдүү күчтөр чек арада түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, ЖМКда жана интернет мейкиндигинде Кыргызстандын жетекчилигинин жана күч түзүмдөрүнүн аракеттерин каралаган жалган маалыматтарды таркатып жатат. Муну менен алар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузууга аракеттенүүдө.

Кызыкдар болгон тараптар мындай жол менен Кыргызстандын бийлигин жана мамлекетти дүйнөлүк коомчулуктун алдында терс өңүттө көрсөткүсү келүүдө.

Мамлекеттик чек арадагы оор кырдаалда Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүү үчүн жүрүп жаткан маалымат чөйрөсүндөгү аракеттер коомдо канчалык саясий салмагы жана таасири болсо да эч кимге аброй алып келбейт жана өзгөчө өлкө, эл үчүн оор мезгилде аларда кыргыз мамлекетине, элине чыккынчылык кылган сапаттар үстөмдүк кылганын айгинелейт. Буга байланыштуу УКМК Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна жана эгемендигине зыян келтирген мындай аракеттер үчүн мүмкүн болуучу оор кылмыш жоопкерчилигин эскертет.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык саясий күчтөрдү жана коомчулукту кырдаалга кылдаттык менен баа берүүгө, чагымчыл аракеттерге алдырбоого, тескерисинче, мамлекеттик органдарга жана өлкөгө жаңжалды тез арада жөнгө салуу маселелеринде жардам берүүгө чакырат.

УКМК бардыгын, өзгөчө ЖМК өкүлдөрүн, бейөкмөт уюмдарды, активисттерди, блогерлерди жана башкаларды кылмыштуулуктун күчөшүнө кошумча олуттуу себеп болгон текшерилбеген, жалган, көп учурда чагымчыл маанайдагы маалыматтарды жазбоого, таратпоого жана жайылтпоого чакырат.