Бүгүн, 17-сентябрда саат 8:00дө Баткен жана Лейлек райондорунда 6-10 кВ аба чубалгыларынын 15 линиясы авариядан өчүрүлгөн. Бул тууралуу энергетика министринин милдетин убактылуу аткаруучу Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, 32 калктуу конуш (9 миң 609 үй) электр жарыксыз калган. Анын ичинен Баткен районунда 26, Лейлек районунда 6.

“Бүгүнкү күндө “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалдарынын кызматкерлеринин ичинен күжүрмөн зонада электр менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам топтор түзүлүп, иштөөгө даяр. Баткендеги жабыр тарткан аба чубалгыларын оңдоо иштерине 60 адам, мындан тышкары башка облустарынын энергетика ишканаларынын персоналынан 42 адам тартылган. Ошондой эле 12 даана атайын техника бөлүнгөн”, — дейт ал.

Ибраев кошумчалагандай, Баткенге кошумча беш даана 10/0,4 кВ кубаттуулуктагы трансформатор, алты даана 6-30 кВт дизелдик генератор жана 1,0 тонна трансформатордук май жөнөтүлдү.

“Учурда аскер күчтөрү тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө уруксат бериле элек. Келтирилген зыяндын көлөмү энергетиктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгондон кийин аныкталат”, — деди ал.

Ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр энергиясы менен камсыздоо боюнча абал туруктуу экенин кошумчалады.