Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан Баткенде көз жумгандардын саны 36га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

“Саат 10:00дө Баткен шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына дагы 12 адамдын сөөгү келип түштү. Ошону менен каза болгондордун саны 36га жетти”, — деп жазылат маалыматта.

Чек арадагы чырдан 129 бейтап жарадар болгон. Анын ичинен жетөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.