Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 16-18-сентябрь аралыгында жалпы 38 аял келип, анын 23ү көз жарды (төртөө кесарево жолу менен). Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтымында, Самаркандек жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмү иштебей турат. Себеби ал жердеги элдин баары эвакуацияланган.

“Ал эми Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмү толук кандуу иш алып барууда жана ыкчам операциялар жасалууда. Баткен районунун эвакуация болгон тургундары Айдаркен, Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарларында болууда. Кадамжай жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүнө 13 аял кайрылган. Алардын сегизи жаткырылган, экөө башка ооруканага которулган. Калганына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Айдаркен жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүнө 25 аял кайрылган. Бирөө ошол жерде төрөгөн”, — дейт ал.