Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-20) 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Кыргызстандын курамасы J тайпасында Иран, БАЭ жана Брунейдин командалары менен жайгашты. Кечээ, 18-сентябрда кыргыз футболчуларынын акыркы оюну Брунейдин командасы менен болду. Кыргызстандын курамасы атаандашын 6:0 эсебинде утуп, Азия кубогуна тайпанын экинчи орунунан өттү.
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-20) Азия кубогуна өтүшүн жана бардык жеңиштерин Баткенге арнады.
Эскерте кетсек, Азия кубогу кийинки жылы Өзбекстанда өтөт.