19-сентябрда саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын жалпы саны саламаттыкты сактоо уюмдарында 163 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмуна түн ичинде 19 жабырлануучу кайрылып, алардын 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 144 адам ооруканада дарылануусун улантууда, 19 адам амбулаторияга жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган. Анын ичинен:

-Улуттук госпиталда 71,

-Улуттук хирургия борборунда 8,

-Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 8,

-Тез жардам көрсөтүү ооруканасында 9,

-Ош облустук бириккен ооруканасында 4 жана

-Ош облустар аралык балдар клиникасында 2 адам.

«Калгандары Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланышат. Ар бир адам зарыл медициналык жардам менен камсыз кылынат; кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны өзгөрүүсүз 59 адамды түздү.

Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.

Бүгүн Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.