Тажик тараптын Кыргызстанга кол салуусунан Баткенде сегиз мектеп жана бир бала бакча жабыркады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы куралдуу кагылышууда мугалимдер дагы жабыркаган.

“Баткен районунда окуу процесси токтотулган. Бир райондо сегиз мектеп жана бир бала бакчанын терезеси талкаланып, имаратына ок тийген. Жабыркаган мугалимдер дарыланууда”, — дейт Жусупбекова.