Финансы министрлиги 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйө турганы боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, пенсиянын орточо өлчөмү республика боюнча 6 093 сомдон 8 080ге чейин көтөрүлөт. Бул 33 пайызга же орточо эсеп менен 2 000 сомго көбөйөрүн түшүндүрөт.

Пенсияны жогорулатууга октябрда республикалык бюджеттен 2 миллиард 395,8 миллион, Социалдык фонддон 1 миллиард 341,3 миллион сом бөлүнөрү айтылды.