Тажикстандын куралдуу кол салуусунан шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда төлөмдөрдү бөлүү жана өлчөмүн аныктоо боюнча бардык тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, жабырлануучулардын балдарын Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” реаблитациялык борборуна жана Ош облусундагы лагерлерге жөнөтүү боюнча иштер аткарылып жатат.

Ошондой эле жарандарга төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдарды үзгүлтүккө учуратпай, өз убагында төлөө максатында “РСК банк” жана “Айыл банк” менен тыгыз иштешип жатабыз”, — деди ал.