Кытай Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо саясатын чечкиндүү колдойт. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Бишкекте Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда билдиргендигин «Щелковый путь» басылмасы жазды.

Элчи өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда чечилбеген саясий маселелер жок экендигин билдирген.

«Кыргызстан менен Кытай эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарын козгогон негизги маселелер боюнча бири-бирин колдойт. Кытай Кыргызстандын өз алдынча өнүгүү жолун тандоосун чечкиндүү колдойт. Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо саясатын колдойт жана ар дайым жардам берип турат», — деди ал.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлор, саясатчылар катышты.