Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов райондун калкына кайрылуу жасады. 

«Урматтуу элим, акыркы күндөрдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык аракеттер жумшалууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр Президенттик, облустук жана райондун деңгээлинде жүрүп, жыйынтыктар көрсөткөндөй эки тараптуу макулдашууларга жетиштик. Өкүнүчтүүсү-  чек арадагы жаңжалдан улам, жараат алгандар, көз жумгандар бар. Ошого байланыштуу 19-сентябрь Өлкө боюнча  аза күтүү күнү деп белгиленди. Жакынын жоготкондорго көңүл айтам.  Ата- Мекен үчүн шейит кеткен баатырлардын жаткан жери бейиш болсун. Элиме, сабыр тилейм.  Жараат алгандар тезирээк сакайып кетсин. Бар бол элим. Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот дегендей элибиздин биримдиги, ынтымагы менен кырдаал жеңилдеди. Президентибизден жана өлкөнүн бардык аймактарынан жардамдар келип жатат. Бул үчүн жалпы кыргыз элиме ыраазычылык билдиремин.

Урматтуу Лейлектиктер!

Урматтуу жердештерим. Бейиштин төрүндөй кооз, Исхак Раззаков атабыздын киндик каны тамган, таза абалуу, атыр жыттуу кичи мекенибизди эч нерсеге алмаштырбайбыз.

Эмгекчил, мекенчил баатыр элбиз. Киндик кан тамган жерибиз мисир. Биздин бактыбыз да, келечегибиз да — Лейлек. Аймакты гүлдөгөн, өнүккөн өрөөнгө айландырабыз. Чек арадагы кыйроолор ыкчам калыбына келет. Президентибиздин жеке көзөмөлү менен кыска аралыкта бардык чаралар көрүлүп, кышка чейин келтирилген зыяндар четтетилип, турукташтырылат. Ар бир келтирилген чыгымдар мамлекет тарабынан толукталат. Өлкө башчысынын көзөмөлүндө бул иштер боюнча атайын комиссия иштеп, кыйроолор боюнча тактоолор жүрүүдө.

Ошого карабастан ачууга алдырып, ар кандай туура эмес сөз тараткан, көчүп кетебиз, гуманитардык жардам жетпей жатат деген элди дүрбөлөнгө салгандар да жок эмес.

Урматтуу элим, мындайларга ишенбегиле. Биз киндик кан тамган Лейлек  жергебиздин тургундарыбыз. Бир бололу.»