Бүгүн, 21-сентябрь саат 09:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан, снарядтардан жана башка жардыргыч заттардан табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.